Меню
Тесты
Тесты  /  Прочее  /  Прочее  /  1 - модуль үчүн суроолор.

1 - модуль үчүн суроолор.

Avatar
27.10.2020. Тест. Прочее, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
2020 - 2021 - окуу жылы. ННК -1-18 тайпасы. преп: Абдрай уулу А.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кандай ыкмалар менен «Салык толоочунун жеке кабинетине» кирүүгө болот?

Варианты ответов
  • электронбук кол тамга аркылуу;
  • инфоком-Smart-id KGаркылуу;
  • ЕID аркылуу;
  • баары туура.
Вопрос 2

Электрондук кол тамга колдонбогон салык төлөөчү кантип авторизация жасайт?

Варианты ответов
  • логин жана пароль колдонуу менен;
  • салык кызматына арыз жазууменен;
  • атайын төлөмдөрдү төлөө менен.
Вопрос 3

Салыктык отчетторду электрондук түрдө берип жаткан салык төлөөчүлөр отчеттун убактысы келгени жана салыктын ставкасы өзгөргөндүгү тууралуу кайдан билет?

Варианты ответов
  • салык кызматына кат аркылуу кайрылат;
  • радио телевидение кызматтары аркылуу;
  • өздүк кабинетке келген билдирме катар аркылуу.
Вопрос 4

Электрондук отчеттун кабыл алуу статусун кантип текшерүүгө болот?

Варианты ответов
  • электрондукотчеттордун журналы аркылуу;
  • салык Инфо гезити аркылуу;
  • салык кызматына кат аркылуу кайрылуу менен.
Вопрос 5

Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчеттун формасы?

Варианты ответов
  • (FORM STI - 132)
  • (FORM STI - 133)
  • (FORM STI - 1112)
Вопрос 6

Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын формасы.

Варианты ответов
  • (FORM STI-017)
  • (FORM STI-01)
  • (FORM STI-019)
Вопрос 7

"Виртуалдык кампа" –деген эмне? 

Варианты ответов
  • интернет аркылуу түзүлгөн кампа;
  • товарларды жана электрондук документтерди эсепке алууга мүмкүндүк берген маалыматтык система;
  • убактылуу кармап туруу кампасы.
Вопрос 8

"Электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактурлардын маалыматтык системасы" – бул?

Варианты ответов
  • эсеп–фактураларды электрондук түрдө берүү;
  • эсеп фактуранын жазуу түрү;
  • ыйгарым укуктуу салык органынын салыктык башкаруу жана контролдоо маалыматтык системасынын модулу (мындан ары - ЭЭФ МС).
Вопрос 9

4-группадагы мүлк салыгынын эсебин чыгарууда кайсы көрсөткүчтөр колдонулат?

Варианты ответов
  • кыймылдаткычтын күчүнүн көрсөткүчү;
  • чыгарылган жылы;
  • автоуна анын түсү.
Вопрос 10

Салык кызматынын сайтында Электрондук отчетту берүү сервисинде кайсы кызматтар камтылган? 

Варианты ответов
  • электрондук кол тамгасыз электрондук отчету берүү сервиси;
  • электрондук кол тамга мененэлектрондукотчеттуберүүсервиси (DosTek);
  • электрондук кол тамга менен электрондук отчету берүү сервиси (UBR);
  • баары туура.
Вопрос 11

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары – бул ?

Варианты ответов
  • салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын системасы;
  • салыктты аныктоочу негизги мыйзам;
  • салык жана бажы тармагынын негизги саясаты.
Вопрос 12

"Агент" – бул?

Варианты ответов
  • жарандык-укуктук келишимдердин, анын ичинде тапшырма, комиссиялоо, транспорттук экспедициялоо келишимдеринин же болбосо агенттик келишимдин негизинде ишке ашырылуучу иш-аракеттердин субъекти;
  • салык төлөөчүнүн жеке тарабы;
  • мамлекет тарабынан дайындалган эсепчи.
Вопрос 13

"Негизги каражат" – бул?

Варианты ответов
  • эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, наркы 20000 сомдон ашкан, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык негизги каражат болуп саналган мүлк;
  • эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, наркы 30000 сомдон ашкан, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык негизги каражат болуп саналган мүлк;
  • эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, наркы 10000 сомдон ашкан, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык негизги каражат болуп саналган мүлк.
Вопрос 14

"Ыйгарым укуктуу салык органы" – бул?

Варианты ответов
  • Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;
  • жергиликтүү салык кызматы;
  • экономика министрлиги.
Вопрос 15

"Салык кызматынын органынын чечими" – бул?

Варианты ответов
  • салыктык отчеттун бардык түрлөрү;
  • ыйгарым укуктуу салык органында же сотто талашылышы мүмкүн болгон, ушул Кодекске ылайык салык кызматы кабыл алган ченемдик эмес акт;
  • атайын тастыкталган, карызды аныктоочу кагаз.
Вопрос 16

Салыктарды белгилөө укугу кимге таандык?

Варианты ответов
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине;
  • каржы министрлигине;
  • бажы кызматына.
Вопрос 17

Салыктар кайсы мыйзамдын негизинде белгиленет жана токтотулат?

Варианты ответов
  • эмгек кодекси менен;
  • субьектилердин салыктык карызын эсептен чыгаруу жөнүндөгү чечим өзүнчө мыйзам менен кабыл алынат;
  • Салык Кодекси менен гана белгиленет жана жокко чыгарылат.
Вопрос 18

Салык системасынын бирдиктүүлүгү принциби кандай мааниде аныкталат?

Варианты ответов
  • бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлөт;
  • Кыргыз Республикасынын салык системасы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында бирдиктүү болуп саналат;
  • бардык салык башкармаларында болот.
Вопрос 19

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ачык айкындуулугу кандай аныкталат?

Варианты ответов
  • салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш;
  • баарына бирдей талаптар жайылтылат;
  • мамлекеттин жарандарына гана ачык-айкын болот.
Вопрос 20

Салык салуунун мыйзамдуулугу принциби кандай болот?

Варианты ответов
  • Салык Кодексте каралбаган салыкты, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген салыктык белгилери бар, же болбосо Кодексте аныкталгандан башкача тартипте белгиленген же колдонууга киргизилген мүчөлүк акыны же төлөмдөрдү төлөөгө эч кимге милдет жүктөлүшү мүмкүн эмес;
  • кандай салыктык жоопкерчилик жаралса, ошого жараша принцип өзгөрүлөт;
  • Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында, салыктын бардык т\р\нъ бирдей салыктык милдет жүктөлөт.
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт