Адабият 1-курс ИК
Список вопросов теста
Вопрос 1
“Фольклор” сөзүнүн түшүндүрмөсү кайсы катарда туура берилген?
Варианты ответов
- элдик акылмандык, элдик билим,чыгармалар
- таалим-тарбия
- элдик педагогика
- акылмандуулук, даанышмандык
Вопрос 2
Элдик оозеки чыгармачылык ты камтыган түшүнүк.
Варианты ответов
- фольклористика жана эпостор
- адабият ,корком чыгарма
- фольклор
- маданият ,макал-лакаптар
Вопрос 3
Араб тилинен алынган “адептүүлүк, ыймандуулук” түшүнүгүн камтыган термин.
Варианты ответов
- этика,журуш-туруш
- маданият
- адабият
- искусство , этика,
Вопрос 4
Көркөм адабияттын тектери:
Варианты ответов
- роман, лирика, эпос
- поэма, проза, драма
- эпос, лирика, драма
- лирика, поэзия, проза
Вопрос 5
Төмөндөгүлөрдүн ичинен лакапты белгиле.
Варианты ответов
- Куру кашык оозго жакпас, Куру сөз кулакка жакпас
- Ач көз карыны тойсо да өзү тойбойт
- Алпагай кызга салпагай күйөө
- Карга карасын ким билер, киши аласын ким билер
Вопрос 6
Фольклордук чыгармалардын жазма адабияттан өзгөчөлүктөрү.
Варианты ответов
- реалдуулукка караганда, идеалдуулуктун арбын өкүм сүрүшү, оозеки болушу
- фольклордун түрлөрү жана жанрлары болгондугу эпос, лирика, драма тектеринен тургандыгы, оозеки болгондугу
- коллективдүүлүгү, варианттуулугу, салттуулугу, оозеки болушу, реалдуулукка караганда, идеалдуулуктун арбын өкүм сүрүшү
- фольклордун түрлөрү жана жанрлары оозеки түрдо болгондугу
Вопрос 7
.“Эр табылды” эпосу кайсыл учурда болуп өткөн окуяны чагылдырып турат?
Варианты ответов
- байыркы доордогу уруулардын күрошу
- XV. XVIII кылымдардагы жунгар доорундагы окуяларды
- орто кылымдагы ислам доорундагы куроштор
- XI. IX кылымдардагы караханиддер доорундагы
Вопрос 8
Кыргыз адабиятынын тарыхында эң биринчи болуп басылып чыккан китеп эмне деп аталат жана ал китеп кимге таандык?
Варианты ответов
- “Кайран эл”, Ысак Шайбековго
- “Баскан жол”, Калыкка
- “Зилзала”, Молдо Кылычка
- “Кедейлерге насыят”, Тоголок Молдого
Вопрос 9
Орхон-Эне-Сай эстеликтериндеги жазууларынын түйүнүн чечкен, алгачкы изилдеген окмуштуу ким болгон?
Варианты ответов
- Ч.Валиханов
- Алмаши
- В.Томсон
- Б.Юнусалиев
Вопрос 10
“Адабият” терминине түшүндүрмө бергиле.
Варианты ответов
- искуствонун сөз өнөрү менен ишке ашуучу, дүйнөнү образдуу чагылдырууга негизделген түрү
- көркөм адабият жөнүндөгү илимдин составдык бир бөлүгү
- адабий билим алуунун негизги булагы
- искусство жана маданият
Вопрос 11
Орто кылымда энциклопедист-окумуштуу
Варианты ответов
- В. Радлов
- Баласагындык Жусуп
- Кашкарлык Махмуд
- Чокан Валиханов
Вопрос 12
Цивилизацияны кандай түшүнөсүң?
Варианты ответов
- Коомдук өнүгүштүн жана материалдык маданияттын белгилүү бир коомдук-саясий формацияга мүнөздүү болгон осүш деңгээли.
- Маалыматтуулук, билимдүүлүк, маданияттуу адамдарга таандык жүрүш-туруш, адептүүлүк.
- Өндүрүштүк, коомдук, акыл-эс билим жагынан адам баласынын жетишкен ийгиликтеринин жыйындысы.
- Оозеки тарыхыбызда, маданиятыбызда, адабиятыбызда эң баалуу маалыматтар.
Вопрос 13
Кыргыздар жараткан элдик адабият тарыхый жактан кандай топторго бөлүнөт?
Варианты ответов
- кара сөз түрүндөгү аңыздар жана мифтер
- эң алгачкы доор адабияты, ортоңку доор адабияты, кийинки доор адабияты
- уламыштар, жөө жомоктор жана санжыралар
- ыр түрүндөгү дастан жана эпостор
Вопрос 14
Кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгын жыйнаган окумуштуулардын катарын көрсот
Варианты ответов
- Б. В. Смирнов менен А. Т. Белинский
- В. Радлов. Ч. Валиханов, Г. Алмаши
- Окуучулар, студенттер, практиканттар
- И.Арабаев, Х.Карасаев, Ж.Чыманов
Вопрос 15
Барсбек ким жана ага арналган жазуу эстелигинде кандай маалыматтар бар, канчанчы кылымга таандык.
Варианты ответов
- кыргыз каганы 10-11-кк.
- Түрк каганы 6-7-к.
- кыргыз каганы, 6-7-к.
- монгол каганы 6-8 кк
Вопрос 16
Кул Тегин эстелиги “Манас” эпосуна кайсы сапаты жагынан окшош?
Варианты ответов
- ыр саптары
- пейзаждык сүрөттөөлөрү
- сюжеттик сызыктары
- көлөмү жагынан
Вопрос 17
Акыл-насаат үйрөтүүчү, таалим-тарбия берүүчү, курч сөздүү, көлөмү чакан көркөм чыгармалар. Адабият, искусство жалпысынан таалим-тарбия берет, чыгармада ошол насаат, тарбияга үйрөтүү түздөн-түз көрүнөт, ачык берилет.
Варианты ответов
- лирикалык чыгармалар
- дидактикалык чыгармалар
- эпикалык чыгармалар
- макал-лакаптар
Вопрос 18
“Ашуудан берген отчетум” китебинин автору
Варианты ответов
- Ж.Сыдыков
- Т.Кожомбердиев
- Б. Сарногоев
- Аалы Токомбаев
Вопрос 19
«Кызыл Кыргыз тарыхынын» автору
Варианты ответов
- О.Сыдыков
- И.Арабаев
- Б.Солтоноев
- К.Тыныстанов
Вопрос 20
.Фольклордук чыгармалардын жазма адабияттан болгон өзгөчөлүктөрүн тапкыла:
Варианты ответов
- Эпос, лирика, драма тектеринен тургандыгы;
- Фольклордун түрлөрү жана жанрлары болгондугу;
- Реалдуулукка караганда идеалдуулук арбын өкүм сүрөт; варианттуулугу,оозеки болушу,
- варианттуулугу, салттуулугу, оозеки болушу,
Вопрос 21
Адабияттын эң негизги өзгөчөлүгүн белгиле
Варианты ответов
- кайсы улуттук кыртышта жаралып, кайсы улуттун өкүлү жазганына карабайт;
- бүткүл адамзатты кызыктырат жана алардын эстетикалык талабына жооп берет;
- жалпыга таандык экендигин көрсөтөт;
- баары туура.
Вопрос 22
Алгачкы кыргыз гезити -
Варианты ответов
- «Маданият жолунда»
- . «Эркин - Тоо»
- «Ленинчил жаш»
- "Эркин Кыргызстан"
Вопрос 23
- Дал келгенин белгиле.
|
1 |
драмада |
а |
турмуш көрүнүштөрүн, окуяларды автор тарабынан сүрөттөө, баяндоо аркылуу чагылдырууга умтулат; |
|
2 |
лирикада |
б |
окуялар каармандын кыймыл-аракети жана өз ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет; |
|
3 |
эпосто |
в |
адамдын ички сезимдери туюнтулат.
|
Варианты ответов
- 1 в, 2 а, 3 б
- 1 б, 2 в, 3 а
- 1а, 2 б, 3 в
- 1 б, 2 в, 3 в
Вопрос 24
К.Жантөшовдун эң алгачкы чыгармасы кайсы?
Варианты ответов
- “Азоого чалма”
- “Каныбек”
- “Карачач”
- “Курманбек”
Вопрос 25
Эгемен доорундагы кыргыз акындары:
Варианты ответов
- Т.Кожомбердиев, М.Абылкасымова
- М.Жангазиев, С.Маймулов
- Б.Жамгырчиев, Кожогелди Култегин
- Т. Үмөталиев С.Жусуев
Вопрос 26
20-30-жылдардагы жаш жазуучулардын чыгармаларында кайсы ырлар көп учурайт?
Варианты ответов
- “Жайдын кечи”, “Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга!”;
- “Оку!”, “Көзүңдү ач!”, “Сабаттуу бол!”;
- “Улуу марш”, “Неге кечигет?”
- баары туура.
Вопрос 27
Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында “калмак доору” аталган мезгилди чагылдырган кенже баатырдык эпосту белгиле.
Варианты ответов
- “Кожожаш”.
- “Манас”;
- “Курманбек”;
- “Эр Төштүк”;
Вопрос 28
- К. Тыныстановдун “Академия кечелерине” каршылаштары жеке атаандаштары кандай айып тагышкан?
Варианты ответов
- жооптордун баары туура деп эсептейм
- “...өткөндөгү феодалдык түзүлүштү идеялизациялап жатат”;
- “...марскизм-ленинизмдин тап күрөшү тууралуу окууларына каршы чыгып жатат”;
- ...Октябрь революциясы менен кеңеш бийлигине каршы чыгып жатат”
Вопрос 29
Магиялык сөздөргө ишенүү менен адамдар жаратылыштын күчтүү сыйкырынан үмүт кыял, жакшылык күтүшкөн. Бул жанрдагы чыгармалар да байыркы элибиздин түшүнүктөрүн чагылдырат-, лирикалык тектин кайсы жанры тууралуу сөз болуп жатат?
Варианты ответов
- ырым-жырым ырлары;
- эмгек ырлары;
- айтыш ырлары;
- салт ырлары
Вопрос 30
Лирикалык жанрдагы чыгармаларга кайсылар кирет?
Варианты ответов
- макал-лакаптар, үлгү ырлар, айтыштар
- эмгек, санат-насыят, сүйүү, арман, кошок, балдар ырлары
- кошоктор, айтыштар, эпостор, терме ырлары
- арман ырлары, айтыштар, эпостор, дастандар
Вопрос 31
Эң байыркы архаикалык эпостордун катарын көрсөт:
Варианты ответов
- “Манас”, “Семетей”
- “Эр Төштүк”, “Кожожаш”;
- “Манас”, “Семетей”,Кожожаш"
- "Жаныш-Байыш, Саринжи -Бөкөй"
Вопрос 32
Кыргыз фольклорунун жыйналыш тарыхы кандай доорлорго бөлүнөт?
Варианты ответов
- Байыркы доорлор
- Октябрь революциясына чейинки жана кийинки доор
- Октябрь социалисттик революциясына чейинки доор
- Октябрь революциясынан кийинки доор, азыркы мезгил
Вопрос 33
Жашоо тиричиликтин көп кырдуу зарылдыктары үчүн пайдаланууга боло турган энциклопедиялык мазмундагы “китептин” милдетин аткарып келген деген ойдо эмне жөнүндө сөз болуп жатат?
Варианты ответов
- элдик оозеки чыгармачылык;
- макал-лакап, табышмактар
- акыындардын ыырлары
- газета-журналдар
Вопрос 34
Кол өнөрчүлүккө (уз-устачылыкка) байланыштуу эмгек ырлары болгонбу, катарын белгиле.
Варианты ответов
- Шырылдаң.
- Тон чык.
- уз-устачылыкка байланыштуу эмгек ырлар болгон эмес
- Секетпай
Вопрос 35
- Төмөндөгү саптар элдик оозеки чыгармачылыктагы кандай ырлардын катарын толуктайт?
Төбөсү ачык көк урсун, Төбөсү туюк көр урсун, Төшү түктүү жер урсун! Караңгы түндө өлөйүн, Чыккан күндү көрбөйүн! Кечке жаным жетпесин, Таңга жетпей өлөйүн!
Варианты ответов
- а) ант ырлары
- б) кордоо ырлары
- в) алкоо ырлары
- г) мактоо ырлары
Вопрос 36
Эмгек ырларынын пайда болушу, эң алгачкы формасы жана аны колдонуунун максаты тууралуу пикириңди билдир.
Варианты ответов
- мал чарбачылыгында алгач пайда болгон., эмгегин женилдетет, элдер ырдашкан
- айбанат-куштарды чакыруу максатында алгач мергенчиликте пайда болгон., мергенчилер ырдашкан
- алгачкы формасы белгисиз, ар түрдүү эмгектин үндөрүн тууроо аркылуу келип чыкпастан, ошол эмгек процессин жеңилдетүү максатында жана ал эмгектин ээсине кайрылуу менен түшүмүн арттыруу же төлүн көбөйтүү үчүн колдонушкан
- Үндүн ыргагы эмгектин жүрүшүндөгү ритмдик кыймылдарга гана айкалышкан., ошондон келип чыгып, эмгекти женилдеткен
Вопрос 37
- Кыргыздардын Орусия империясынын курамына кириши, анын букаралыгын кабыл алышы сыяктуу коомдук-тарыхый мааниси бар маселе кимдердин чыгармаларынан, кандай түрдө кездешет?
Варианты ответов
- Молдо Кылычтын, “казал” түрүндө;
- Молдно Нияздын,“санат” түрүндө;
- Алдаш Молдонун “казал” түрүндө;
- баары туура
Вопрос 38
Кыргыздардын ат тууралуу макалын белгиле.
Варианты ответов
- аттын кашкасындай;
- ат тезегин кургатпай;
- ат, аттан кийин жат;
- ат такалоо.
Вопрос 39
Профессионал кыргыз адабияттын баштоочусу
Варианты ответов
- К.Жантошев
- Ч.Айтматов
- А.Токомбаев
- М.Элебаев
Вопрос 40
- Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында эмбриондор жөнүндө сөз болот?
Варианты ответов
- Кыямат
- Кассандра тамгасы
- Кылым карыткан бир күн
- Тоолор кулаганда
Вопрос 41
Тоолор кулаганда кайсы мезги лдин чыгармасы
Варианты ответов
- кайра куруу
- эгемендүүлук
- өнүккөн
- заман бузулган


