Меню
Тесты
Тесты  /  Прочее  /  Прочее  /  Диагностика

Диагностика

Avatar
01.10.2026. Тест. Прочее, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
диагностикалык баалоо жүргүзүп, мониторинг жасоого

Список вопросов теста

Вопрос 1
  1. Акт бул
Варианты ответов
  • ар кандай иштин аткарылгандыгы айрым бир иш чаралардын жыйынтыкталгандыгы ж.б. жөнүндө жогорку уюмга жиберилген расмий иш кагазы
  • мамлекеттик жана жамааттык, менчик мекемелердин жалпы ишмердигин нормага салган жана мамлекеттик аракеттеги мыйзамдарды токтомдорунун негизинде түзүлгөн расмий иш кагазы
  • ар кандай уюмда иштин аткарылгандыгы же аткарылбагандыгын бир мекемеден  экинчи мекеменин буюм тайымдарды өткөрүп алышы, документтерди кабыл алышы ж.б. күбөлөндүрүү максатында   түзүлгөн иш кагазы
  • тапшырылган иштин аткарылгандыгы же аткарылбай калуу себебин мекеме жетекчисине кызматкердин расмий түрдө билдирип жазган  иш кагазы
Вопрос 2

Өмүр баяндын 2-реквизитине эмне жазылат?

Варианты ответов
  • кайсы окуу жайда окугандыгы, бүткөндүгү, адистиги
  • текст
  • үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө
  • алган сыйлыктары жана жазалары
Вопрос 3

Өмүр баян качан жазылат?

Варианты ответов
  • бирөөгө арызданганда
  • бир жерден экинчи жерге көчкөндө
  • жаңы ишке киргенде
  • бирөөгө бир нерсе бергенде же  алганда
Вопрос 4

Жарыя менен кулактандыруу кантип айырмаланат?

Варианты ответов
  • иш чарага катышуу ыктыярдуу түрдө болгондуктан
  • бул иш кагаздары бири-биринен айырмаланбайт
  • графикалык стилистиканын элементтери колдонулгандыктан
  • иш кагазынын аты «Жарыя» деп кээде жазылып, кээде жазылбагандыктан
Вопрос 5

Бир нече сүйлөмдөрдүн органикалык тутумунан турган салыштырмалуу түрдө өз алдынча мааниге ээ, өзүнчө микротемасы, маанилик-структуралык бүтүндүгү, коммуникативдик багыты бар тексттин эң кичине бирдиги - бул

Варианты ответов
  • текст
  • метатекст
  • микротекст
  • макротекст
Вопрос 6

Тексттин негизги белгилери кайсылар?

Варианты ответов
  • Теманын, максаттын, белгилүү бир стилдик-функционалдык өзгөчөлүктөрдүн, маанилик-түзүлүштүк биримдиктин болушу
  • Глава, параграф, абзацтардын болушу
  • макротекст жана микротексттердин, роман, повесть, аңгеме, гезиттик же журналдык макалалардын болушу
  • билбейм
Вопрос 7

Төмөнкү текст кайсы иш кагазына таандык?

Мен, Халилов Курсант, №4 жатакананын коменданты Таалайбеков Медерден айыл чарба жумушуна бараткан сутуденттер үчүн 15 жууркан, 30 шейшеп, 15 жаздык алдым.

Варианты ответов
  • түшүнүк кат
  • маалым кат
  • тил кат
  • ишеним кат
Вопрос 8

Катыштык сын атооч катышкан сөз айкашын тапкыла

Варианты ответов
  • Сулуу кыз
  • Айылдык китепкана
  • Жакшы адам
  • Чоң үй
Вопрос 9

Сөз жасоочу, форма жасоочу, сөз өзгөртүүчү мүчөлөр кабатталып жалганган сөздү белгиле

Варианты ответов
  • кызматташтык
  • жеткиртилди
  • тарбиячылыктын
  • кызматчыларга
Вопрос 10

Синоним сөздөрдүн катарын тап

Варианты ответов
  • тез, бат, тон, ушу, чурка
  • дароо, ылдам, мыкты, сонун
  • жарыш, мелдеш, чурка, жүгүр
  • жакшы, дурус, түзүк, мыкты, сонун
Вопрос 11

Фразеологизм катышкан сүйлөмдү тап

Варианты ответов
  • Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат
  • Ашым темир жолго көз ачып жумганча көздөй жөнөдү
  • Асел чоктой кыпкызыл алманы жакшы көрчү
  • Айыл чарба өнүкпөсө, өнөр жай кайдан өнүксүн?
Вопрос 12

Тилдердин генеологиялык классификациясында эмне негиз кылып алынат?

Варианты ответов
  • тилдердин жанаша жашашы
  • тилдердин тектештиги
  • тилдердин морфологиялык түзүлүшү
  • тилдердин коомдук кызматы
Вопрос 13

« Стилистика - океан сымак илим. Биз анын жээгине эми гана келдик. Бул мухиттин сырын ачууга милдеттүүбүз» деп ким айткан?

 

Варианты ответов
  • А.Турсунов
  • М.Н.Кожина
  • Т.Аширбаев
  • Ж.Мамытов
Вопрос 14

Кош эринчил, жарылма, мурунчул, уяң кайсы тыбыш?

Варианты ответов
  • м
  • б
  • п
  • н
Вопрос 15

Татаал сүйлөм суроолуу болсо, суроо белгиси каерге коюлат?

Варианты ответов
  • тутумундагы ар бир жөнөкөй сүйлөмдөн кийин коюлат
  • сүйлөмдүн ортосуна коюлат
  • сүйлөмдүн эң аягына коюлат
  • эч жерине коюлбайт
Вопрос 16

Кыргыз орфографиясын негиздөөчүлөр кимдер?

Варианты ответов
  • К.Тыныстанов, И.Арабаев, Х.Карасаев
  • К.Тыныстанов, К.Сартбаев, С.Мусаев
  • А.Жапаров, А.Иманов, А.Биялиев
  • И.Арабаев, Х.Карасаев, К.Юдахин
Вопрос 17

Кесипти билгизүүчү –чы мүчөсү жалганган сөздөрдүн туура жазылышын белгиле

Варианты ответов
  • жазчу, тергечү, ширетчү
  • жазуучу, тергөөчү, ширетүүчү
  • жылкычы, барчу, тилчи
  • тарбиячы, алдамчы, берчи
Вопрос 18

Орден, медалдардын аттары кандай жазылат?

Варианты ответов
  • тырнакчага алынбай, аталышы баш тамга менен, “ордени”, “медалы” деген сөздөрү кичине тамга менен
  • тырнакчага алынып, ар бир сөзү баш тамга менен
  • бардык сөзү бириктирилип
  • баары туура эмес
Вопрос 19

Салыштырма грамматика предметинин максаты эмне?

Варианты ответов
  • белгилүү бир тилди үйрөтүү
  • түрдүү тилдердеги фонетикалык, грамматикалык системаларды салыштыруу
  • уңгу тилдердеги нероглифтерди үйрөнүү
  • сөз, текст
Вопрос 20

Атаандашып жылдыздарга ышкыбыз,

             Айлуу   түндө биз ойнодук ак чөлмөк (К.Э.).

Ырдагы «айлуу» сөзүнүн синтаксистик кызматын аныкта

Варианты ответов
  • аныктооч
  • сын-сыпат бышыктооч
  • тике толуктооч
  • кыйыр толуктооч
Вопрос 21

Тике толуктооч катышкан сүйлөм кайсы?

Варианты ответов
  • Субанкул менин бул кебиме күлүп койду
  • Субанкулду да чоң жолдон узаттык
  • Касым менен Майсалбек Субанкулдун өзү
  • Ошол жылы орок тартып жүрүп Субанкулга жолукпадымбы
Вопрос 22

Башкарыла байланышкан тактоочтук сөз айкашын тап

Варианты ответов
  • талаш тактоону көздөйт
  • турмуштун өйдө-төмөнү
  • Куштан ылдам учуу
  • куштан ылдам
Вопрос 23

Мезгил бышыктооч катышкан сүйлөмдү тап

Варианты ответов
  • Маралдар ошол күнү эртең менен сууга түштү
  • Айтканынан кайтпаган Омор Орозбекти мектепке жибербей койду
  • Улурбек иштеш үчүн жаңы уюшулган совхозго жиберилди
  • Олтургандар Султанмуратка кылчая карашты
Вопрос 24

Сын атоочтон жасалган зат атоочторду белгиле?

Варианты ответов
  • келгин, кумарпоз, тиркеме
  • токчулук, тартиптүү, сөзмөр
  • алдамчылык, тилек, тепкич
  • жылуулук, актык, жашылча
Вопрос 25

Төмөндөгү мисалдардан аралаш татаал сүйлөмдү тап.

Варианты ответов
  • Жаштар, көп билүү үчүн көп окуу керек
  • Булбул үнүн кайталап, аска ырдап жар салат.
  • Жокту жок издеген табат, жолдошун шайыр болсо, жолоочунун кумары канат.
  • Тулпарды арыганда көр, эрди карыганда көр.
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт