Меню
Тесты
Тесты  /  Прочее  /  Прочее  /  Педагогика

Педагогика

Avatar
20.05.2020. Тест. Прочее, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Бул тест башталгыч класстардын мугалими адистигинде окуган студенттер үчүн түзүлдү.

Список вопросов теста

Вопрос 1
  1. Айтып берүү методунун чектелүү жактары эмнеде ? Туура эмес жообун тап.
Варианты ответов
  • Тыңдаган нерселердин кызыктуу жана керектүү жактарынын кабылданып кабылданбаганын аныктоо кыйынчылык туудурат.
  • Окуучулар дээрлик пассивдүү абалда болушат.
  • Кыска убакыт ичинде көп материалды түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
  • Окуучулар мугалимдин айткандарын милдеттүү түрдө кабылдоого мажбур болот.
Вопрос 2
  1. Айтып берүү методунун чектелүү жактары эмнеде ? Туура эмес жообун тап.
Варианты ответов
  • Мугалимдин айткандарын кабылдоодон башка мүмкүнчүлүк калбайт.
  • Көп сандагы окуучуну камтыган топтордо билим берүүгө ыңгайлуу.
  • Ой-сезимин аракетке келтирүү ишмердүүлүгүн баштан кечире албайт.
  • Узак жана тез-тез кайталанган мугалимдин кеби тез эле тажатып жиберет.
Вопрос 3
  1. Айтып берүү методунун артыкчылыгы эмнеде? Туура эмес жообун тап.
Варианты ответов
  • Көп сандагы окуучуну камтыган топтордо билим берүүгө ыңгайлуу.
  • Аз убакытта көп маалымат берүүгө болот.
  • Окуу материалы ырааттуу жана системалуу баяндалат.
  • абстракттуу маалыматтын мазмунун жеткирүү үчүн кошумча түшүндүрүү зарылдыгы туулат.
Вопрос 4
  1. Айтып берүү методунун артыкчылыгы эмнеде? Туура эмес жообун тап.
Варианты ответов
  • Мугалим борбордо болуп сабак учурунда анын кандайдыр бир күтүүсүз кырдаалга туш келе бербегендигинен улам өзүнө болгон ишеничи артат.
  • Иш жүзүндө колдонууга жеңил, нары үнөмдүү.
  • мугалимдин айткандарын кабылдоодон башка мүмкүнчүлүк калбайт.
  • сабакка жандуу катыша албай отурган окуучуларга жеткирүүнү ишке ашырат.
Вопрос 5

Айтып берүү методунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн эмнелерди жасоо керек? Туура эмес жообун тап.

Варианты ответов
  • Баяндама учурунда тыңдоочулар менен байланыш түзүү мүмкүн эмес.
  • Баяндалып жаткан материалдар илимий акыйкаттарга негизделип, фактылар далилдүү, ынанымдуу болушу зарыл
  • Үн жагымдуу чыгып, бардык окуучуларга текши угулуп туруш керек
  • Айтылган кеп мүмкүн болушунча кыска, нуска жана түшүнүктүү болуш керек
Вопрос 6

Айтып берүү методунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн эмнелерди жасоо керек? Туура эмес жообун тап.

 

Варианты ответов
  • Баяндоо окуучулардын ойлоо маданиятын өстүрүүгө өбөлгө болгондой белгилүү логикалык жактан ырааттуу болушу керек
  • Кээде үнду басыңкы же көтөрүңкү чыгарууга аракеттенүү керек
  • Көмөкчү иллюстративдик материалдардын өз орду менен пайдаланылышы жана алардын бир гана максатты - темадагы негизги түшүнүктү же идеяны толугураак ачып берүүгө кызмат кылышы керек
  • Класста мугалим тарабынан окутуу техникасы катары колдонулушу мүмкүн.
Вопрос 7

Айтып берүү методунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн эмнелерди жасоо керек? Туура эмес жообун тап.

 

Варианты ответов
  • Мугалимдин речинин так, туура, жеткиликтүү болушу зарыл;
  • Темага байлаыыштуу негизги жана кошумча адабияттардын тизмесин көрсөтүү зарыл;
  • Баяндоо окуучулардын эркин, акыл-эсин, сезимдерин бийлеп, эч жылдырбай тартып аларлык деңгээлде таасирдүү эмоционалдуу болушу керек;
  • Окуялардын, кубулуштардын элесин, инсандардын турум-турпатын, бейнесин окуучулардын көз алдына келгендей жандуу, образдуу, таасирдүү, көрсөтмөлүү баяндоо зарыл;
Вопрос 8

Белгилүү бир тема боюнча тез арада ой жүгүртүү, бүтүм чыгаруу жана пикир жаратуу максатында колдонулуучу  ыкманы айткыла.

 

Варианты ответов
  • Сынчыл ой жүгүртүү
  • Проблемалуу окутуу
  • Мээге чабул.
  • Аңгемелешүү
Вопрос 9

Репродуктивдүү методдун дидактикалык функциясы эмнеде?

Варианты ответов
  • Окуучунун материалды өздөштүрүү процесси ишке ашырылат.
  • Окуучуларда иш-аракеттин белгилүү ыкмаларын билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн колдонулат
  • Окуучулар материалды проблемалуу окуп үйрөнүүгө даяр болушат.
  • Окуучулардын интеллектуалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша колдонулат.
Вопрос 10

Окутуу методу деген эмне?      

Варианты ответов
  • балдардын ой жүгүртүү, өз оюн ырааттуу туюнтуу, башкаларга жеткире билүү, ар кандай нерсеге сынчыл көз карашта болуу сыяктуу сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган иш аракет.
  • жетиштүү окуу каражаггары болгон окуучунун мугалимдин көземөлүндө жана жетектөөсүндө иштөөсү.
  • сабакта окуу процессин камсыз кылуу үчүн мугалим менен окуучунун биргелешкен иш- аракеттеринин жолдору.
  • мугалимдин окуучулардын окуу-таануу ишмердүүлүгүнүн уюштурулушуна даярдоосу.
Вопрос 11

Мугалимдин балдарды билим, билгичтик, көндүмдөрго ээ кылуу  үчүн  аң - сезимдүүлүк менен жана максаттуу тандап алган иш- аракеттеринин жолу  - бул  эмне?

Варианты ответов
  • Сабак
  • Окутуу методу
  • Үйрөтүү
  • Түшүндүрүү
Вопрос 12

Билим берүү стандартында, окуу программасында көрсөтүлгөн максатка жетүү үчүн окутуунун методдорун, каражаттарын, формаларын, шарттарын иштеп чыгуунун, тандоонун, колдонуунун жана текшерүүнүн жолу – бул...

Варианты ответов
  • окутуу технологиясы
  • окутуу методу
  • окутуу формасы
  • окутуу стратегиясы
Вопрос 13

Сабакты уюштурууга  кандай   талаптар коюлат?  Туура эмес жообун тап.

Варианты ответов
  • дидактикалык принциптерди жана эрежелерди туура айкалыштыруу
  • окуу предметтеринин байланышын камсыз кылуу;
  • ар бир окуучунун кызыгуусун жана мүмкүнчүлүгүн эске алуу;
  • окуу өндүрүштүк жайларындагы эмгек жана өндүрүштүк окууларды уюштуруу
Вопрос 14

Сабакты уюштурууга  кандай   талаптар коюлат?  Туура эмес жообун тап.

Варианты ответов
  • үйгө берилген тапшырманы аткарууга убакыт бөлүп берүү.
  • окуучунун мотивинин негизинде анын активдүүлүгүн пайда кылуу
  • мурда өздөштүрүлгөн билимдерге жана билгичтиктерге таянуу
  • окутуу процессинин ар бир бөлүгүнүн логикалык түзүлүшүи жана эмоционалдык коштолушун камсыз кылуу окутуу процессинин ар бир бөлүгүнүн логикалык түзүлүшүи жана эмоционалдык коштолушун камсыз кылуу
Вопрос 15

Сабак сапаттуу өтүшү үчүн ага  кандай  дидактикалык талаптар коюлат? Туура эмес жообун тап.

 

Варианты ответов
  • сабактын маалыматтык маңызынын окуучулардын мүмкүнчүлүгүнө жараша болушу
  • ар бир сабактын милдеттеринин ачык-айкын аныкталышы
  • сабактагы окуучунун саны, окутуунун убактысы жана анын графигинин нормативдик документтер менен аныкталышы
  • окуу ишмердүүлүгүн уюштурууда жаңы маалыматтык технологиялардын орун алышы
Вопрос 16

Сабак сапаттуу өтүшү үчүн ага  кандай  дидактикалык талаптар коюлат?    Туура эмес жообун тап.

Варианты ответов
  • окутуунун ар түрдүү методдорунун, каражаттарынын жана формаларынын колдонулушу жана алардын айкалыштары
  • мугалимдин сүйлөө чеберчилигинин молдугу
  • сабактын түзүлүшүнө чыгармачылык изденүүнү колдонуу
  • ар бир окуучунун жеке ишмердүүлүгү менен жалпы класстык окуу ишмердүүлүгүн байланыштыруу
Вопрос 17

Сабак сапаттуу өтүшү үчүн ага  кандай  дидактикалык талаптар коюлат?  Туура эмес жообун тап.

Варианты ответов
  • жайнаган көргөзмө куралдарды доскага илип сабак өтүү
  • тескери байланышты, чыныгы текшерүүнү жана туура жетектөөнү камсыз кылуу
  • сабакты уюштурууда илимий мамиленин жана жогорку чыгармачылыктын орун алышы
  • окуу-үйрөнүү ыкмаларын калыптандыруу, билимди тынымсыз толуктоого багыт берүү
Вопрос 18

Билим берүү стандарты деген эмне?

Варианты ответов
  • максаттарды пландаштыруу жана окуучуларды окутуунун күтүлүүчү натыйжалары
  • мектептеги билим берүү системасын натыйжага иштөө режимине которуу
  • билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде белгиленген максаттарды ишке ашырууну камсыз кылуу процесси
  • билимдин заманбап деңгээлинин сапатын кепилдөөгө мүмкүндүк берүүчү өзгөчө жалпы талаптардын тизмеси.
Вопрос 19

Жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык, мектепте билим берүү  окуучуларда    негизги  компетенттүүлүктү  калыптандырышы  керек. Алар ....

 

Варианты ответов
  • алынган маалыматты чечиле турган маселенин көз карашы менен баалоо жана талдоо компетенттүүлүгү.
  • топто ситуативдик лидер жана аткаруучу катары иш жүргүзүү компетенттүүлүгү.
  • маалыматтык, социалдык-коммуникативдик , «өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү» компетенттүүлүгү.
  • проблеманын чечилиши кайсы деңгээлде экенине талдоо жүргүзүү компетенттүүлүгү.
Вопрос 20

Окутуунун натыйжалары  – бул ......

Варианты ответов
  • ар бир баланын ишмердигине баалоо жүргүзүү
  • окутуу процесси аяктагандан кийин окуучу эмне биле, түшүнө, жасай ала же көрсөтө ала тургандыгынын туюнтуусу
  • проблеманы чечүүгө тандап алынган жолдорду жана курал-ыкмаларды ишке ашыруу
  • өзүнүн ой-пикирин аргументтеп жана маданияттуу көрүнүштө айтып коргой билүү
Вопрос 21

Окутуу процессинин нормативдик  документтери : 

Варианты ответов
  • Билим стандарты, окуу планы, окуу программасы, сабактын расписаниеси.
  • Билим стандарты, мектептин уставы, окуу планы, окуу программасы, окуу китеби
  • Билим берүү жөнүнө мыйзам, окуу планы, окуу программасы, класстын журналы
  • Билим стандарты, окуу планы, окуу программасы, окуу китеби жана куралы
Вопрос 22

Окуу планы   - бул   ..........

Варианты ответов
  • окуу жайы үчүн окуунун мөөнөтүн, окулуучу предметтердин' тизмегин, алардын окутулуу ыраатын, окутууга берилген жумалык сааттын жалпы санын жана окуу графигин аныктайт.
  • укуктук базада кайсы билимдер окутула тургандыгы ачык жана так көрсөтүлөт
  • билим мазмунунун, окуучуларга тиешелүү болгон окуу көлөмүнүн, окутуу процессинин жыйынтыгынын бааланышын. окуу - тарбиялоо мекемелерин жана окутуучуларды аттестациялоонун нормасы болуп саналат.
  • республикабыздын ар бир жаш муунунун билимге ээ болушунун гаранты болуп саналат.
Вопрос 23

Окуу программасы – бул  .........

Варианты ответов
  • ар бир окуу предмети боюнча илимдин, билгичтиктин жана көндүмдөрдүн мазмунун бекитүүчү, негизги илимий көз-караштарды үйрөнүүнүн логикасына ылайыкташбаган окуу темаларын, алардын удаалашбаган, өздөштүрүүгө бөлүнгөн убакыт өлчөмдөрүн бекитүүчү документ болуп саналат.
  • ар бир окуу предмети боюнча билимдин, жана көндүмдөрдүн мазмунун бекитүүчү, негизги илимий көз-караштарды үйрөнүүнүн логикасына ылайыкташкан удаалаштыгын, өздөштүрүүгө бөлүнгөн убакыт өлчөмдөрүн бекитүүчү негизги нормативдик документ болуп саналат.
  • ар бир окуу предмети боюнча билимдин, билгичтиктин жана көндүмдөрдүн мазмунун бекитүүчү, негизги илимий көз-караштарды үйрөнүүнүн логикасына ылайыкташкан окуу темаларын, алардын удаалаштыгын, өздөштүрүүгө бөлүнгөн убакыт өлчөмдөрүн бекитүүчү негизги нормативдик документ болуп саналат.
  • ар бир окуу предмети боюнча билимдин, билгичтиктин мазмунун бекитүүчү, көз-караштарды үйрөнүүнүн логикасына ылайыкташкан окуу темаларын, аларды өздөштүрүүгө бөлүнгөн убакыт өлчөмдөрүн бекитүүчү негизги документ болуп саналат.
Вопрос 24

Дидактика- бул ............  

Варианты ответов
  • окутуу процессинде окуучулардын өз дараметине жараша ар тараптуу билимдерге ээ болушун, алган билимдеринин үстүнөн ой жүгүртүшүн билдирүүчү илим.
  • окутуунун жалпы педагогикалык методдорун иштеп чыгуу, аны натыйжалуу пайдалануу, окутуу процессин уюштуруу, өркүндөтүү формаларын аныктоо жөнүндөгү илим
  • сабактын максаты, милдети, карай турган маселеси, аны аткаруу тартиби, официалдуу документтер менен аныкталышы, далилдениши, тастыкталышы жөнүндөгү илим
  • Коменский негиздеген окутуунун класстык сабак формасы жөнүндөгү илим
Вопрос 25

Башталгыч класстарда окутуунун  негизги милдеттери  кайсылар?

Варианты ответов
  • тез, ачык маанисин түшүнө санай, окуй билүүгө жетишүү көндүмдөрүн өнүктүрүү
  • тез окуп, эсептеп, жаза билүүгө үйрөтүү
  • жазылып жаткан тексттин мазмунуна, маанисине толук түшүнүүгө жетишүү
  • окуу, жазуу, жана эсептөөнү үйрөтүү
Вопрос 26

Окуу ишмердигин жогорулатуу жана натыйжалуулугун арттыруу максатында жүргүзүлүүчү иш чаралардын  жыйындысы эмне деп аталат?  

Варианты ответов
  • Окуу ишмердигин активдештирүү
  • инсандар ортосундагы баарлашууну уюштуруу
  • окутуп-үйрөтүүдө таанып-билүүгө дилгирликти ойготуу
  • окуучулардын бири-бирине үйрөтүүсүн өнүктүрүү
Вопрос 27

Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуучулардын окуу жана таанып-билүү ишмердигин байкоо, ошондой эле окуучу жөнүндөгү маалыматтарды сыпаттоо, чогултуу, каттоо жана чечмелөө процесси  эмне деп аталат?.

Варианты ответов
  • байкоо
  • баалоо
  • класстык журналга жазуу
  • көзөмөлдөө
Вопрос 28

Окуучуларды жигердүү ойлонууга, чындыкты издөөдө чыгармачыл иш-аракеттерди жүргүзүүгө өбөлгө түзө турган педагогикалык ыкмалар эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • эвристикалык суроо коюу
  • окутууну сахналаштыруу
  • окутуунун активдүү усулдары
  • акыл чабуулу
Вопрос 29

Маалыматты эстеп калууга басым жасалган, билимди мугалим окуучуга даяр түрүндө берген окутуу эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • айтып берүү
  • аралаш сабак
  • жаттоо
  • салттуу окутуу
Вопрос 30

Интерактивдүү сабак өзүнө төмөнкү  элементтерди камтыйт:

Варианты ответов
  • Шыктандыруу. Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо. Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү. Интерактивдүү көнүгүүлөр. Сабактардын жыйынтыктарын чыгаруу, натыйжаларын баалоо.
  • Шыктандыруу. Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо. Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү. Сабактардын , натыйжаларын баалоо. Рефлекция
  • Шыктандыруу. Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо. Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү. Интерактивдүү көнүгүүлөр. Сабактардын жыйынтыктарын чыгаруу, окуучуарды баалоо.
  • Шыктандыруу. Теманы жана сабактын максат, милдеттерин жарыялоо. Тема боюнча маалыматтарды түшүндүрүү. Интерактивдүү көнүгүүлөр. Сабактардын жыйынтыктарын чыгарууда рефлекция уюштуруу.
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт